Кыргызстандык спортчулар Париж Олимпиадасында 6 медаль жеңди

  • 1 месяц мурун

Париж шаарындагы XXXIII жайкы Олимп оюндарында Кыргызстандан 16 спортчу катышып, жалпы 6 медаль жеңди.

Күмүш медалдын ээлери:

— Мээрим Жуманазарова (кыз-келиндер арасындагы күрөш);

— Мунарбек Сейитбек уулу (бокс);

Коло байгенин ээлери:

— Жоламан Шаршенбеков (грек-рим күрөшү);

— Акжол Махмудов (грек-рим күрөшү);

— Үзүр Жусупбеков (грек-рим күрөшү);

— Айсулуу Тыныбекова (кыз-келиндер арасындагы күрөш).

Париж Олимпиадасына 206 мамлекеттен келген 10 миңден ашык спортчу 34 спорттун түрүнөн күч сынашты. Кыргызстандык спортчулар жалпы командалык эсеп боюнча 68-орунду ээледи.

Олимп оюндары кечээ, 11-августта, жыйынтыкталды.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты