Кыргызстандык кыздын сөөгү Түркияда жерге берилди

  • 2 месяца мурун

Түркияда көз жумган Г.У. аттуу Кыргыз Республикасынын жаранынын туугандарын издөө тууралуу социалдык тармактарда жарыяланган маалымат тууралуу тышкы иштер министрлиги комментарий берди.

“Жогоруда аталган жарандын каза болгондугу боюнча маалыматты алары менен Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы элчилигинин кызматкерлери  өлүмдүн себебин аныктоо үчүн  медициналык мекемеге барышкан. Түркияга келген бир тууган агасы жана таежесинин чечими менен каза болгон жарандын сөөгү 23-июлда Түркиянын аймагында жерге берилди» деп айтылат тышкы иштер министрлигинин маалыматында.

Азырынча кыздын өлүмүнүн себептери маалымдала элек.

Буга чейин социалдык тармактарда Түркиядан көз жумган кыргызстандык кыздын туугандары изделип жаткандыгы тууралуу маалыматтар жарыяланган.

Кыргызстандык кыздын сөөгү Түркияда жерге берилди

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Сүрөт: Социалдык тармактардан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты