Кыргызстандагы чокулардын бирине БУУнун атын берүү каралууда

  • 2 недели мурун

25-сентябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Нью-Йорк шаарында өтүп жаткан БУУнун Башкы ассамблеясынын 79-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын иш-чараларына катышуусунун алкагында БУУнун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) администратору Аким Штайнер менен жолугушту. 

Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен БУУнун Өнүктүрүү программасынын ортосундагы эки тараптуу кызматташуу маселелерин, анын ичинде өлкөдөгү реформаларды колдоого жана эл аралык демилгелерди практикалык ишке ашырууга байланышкан маселелерди талкуулашты. 

Өз кезегинде Аким Штайнер БУУнун Өнүктүрүү программасынын максаттарына жетүү үчүн Кыргыз Республикасында ишке ашырылып жаткан долбоорлор боюнча ишти улантууга, ошондой эле кызматташуунун белгиленген артыкчылыктуу багыттары боюнча ишти баштоого даяр экендигин билдирди. 

“Министр Ж.Кулубаев А.Штайнердин көңүлүн тоолуу мөңгүлөрдүн интенсивдүү эришине алып келген глобалдык климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу кырдаалга көңүл бурду. Ошондой эле, Министр Ж.Кулубаев кыргыз тарап экологиялык жана «жашыл» долбоорлорду ишке ашырууда БУУнун Өнүктүрүү программасынын колдоосуна, ошондой эле парник газдарынын эмиссиясын азайтуу боюнча максаттарга жетүү үчүн колдоого таянат.

Бул контекстте тараптар БУУнун Климат боюнча трасттык фондун Кыргыз Республикасында эртерээк ишке киргизүү боюнча макулдашышты. БУУнун Өнүктүрүү программасынын администратору Аким Штайнер Кыргызстандагы чокулардын бирине БУУнун атын берүү Уюм үчүн сыймык экендигин белгиледи” деп айтылат маалыматта. 

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты