Кыргызстандагы айылдардын дээрлик жарымы таза суу менен камсыздалган эмес

  • 2 месяца мурун

Кыргызстанда 1906 айыл болсо, анын 637и гана таза суу менен камсыз болгон. Калган 1071 айылга ичүүчү сууну жакын арада киргизүү керек.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев билдирди.

“Элди таза суу менен камсыз кылуу бул министрликтин, ага караштуу Суу ресурстары кызматынын бирден-бир маанилүү жана приоритетүү багыты. Бул жаатта ишти тездетүү зарыл жана жер-жерлердеги курулуш-монтаждоо жумуштарын өз убагында бүтүрүү керек. Калк таза, ичүүчү суу менен камсыз болушу шарт” деп белгиледи Төрөбаев.

Учурда жалпы республика боюнча 260 айылга таза суу киргизүү программасы иштеп жатат.

Андан сырткары, жер алдындагы сууларды пайдалануу боюнча 2024-2030-жылдары скважиналар боюнча программа ишке ашырылат. 1155 скважинада оңдоо иштери каралып, ага 3,6 млрд. сом каражаты сарпталууга тийиш.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты