Кыргызстандагы адал индустрия жөнүндө мыйзамга кол коюлду

  • 3 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасындагы адал индустрия жөнүндө” мыйзамга кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 8-майында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам адал индустрияны өнүктүрүү жана адал продукцияга жана аны маркалоого, адал кызматтарды көрсөтүүгө болгон талаптарды аткаруу чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун укуктук негиздерин белгилейт жана адал индустрия чөйрөсүндө керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоону камсыз кылууга багытталган.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты