Кыргызстанда жыл башынан бери алты ала качуу фактысы катталды

  • 2 месяца мурун

Кыргызстанда 2024-жылдын биринчи жарымында алты ала качуу фактысы катталды.

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматынын өзгөчө иштер боюнча улук тергөөчүсү Элиза Шалбаева билдирди.

Анын айтымында, ала качуу фактысынын бешөө боюнча материалдар сотко жөнөтүлүп, бирөө кылмыштын курамы жоктугуна байланыштуу токтотулган.

Мындан тышкары жылдын биринчи жарымында милиция «Адамды никеге турууга мажбурлоо» беренеси боюнча эки фактыны каттап, бирөө сотко жөнөтүлсө, экинчи иш убактылуу токтотулган.

Жыл башынан бери «Диний ырым-жырымдарды жасоодо нике курагы жөнүндө мыйзамды бузуу» беренеси боюнча 21 факты катталып, алардын 70% сотко жөнөтүлгөн. Үч учур боюнча иштер кылмыштын курамынын жоктугуна байланыштуу токтотулган.

Кыргызстанда кыз ала качуу — оор кылмыш. Мындай кылмышы далилденгендер кылмыш-жаза кодексинин “Никеге туруу максатында ала качуу” беренесинин биринчи бөлүгү (“Никеге туруу үчүн адамды ала качуу”) менен беш жылдан жети жылга чейин, экинчи бөлүгү (“Кыз баланы иш жүзүндөгү нике мамилелерине туруу же болбосо никеге туруу үчүн ала качуу”) менен жети жылдан он жылга чейин абакка кесилет.

Сүрөт: Социалдык тармактан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты