Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо башталды

  • 11 часов мурун

Бүгүн, 17-ноябрда, Кыргызстанда Бишкек жана Ош шаарларына, Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо башталды.

Борбордук шайлоо комиссиясынын билдирүүсү боюнча, добуш берүү саат 8:00дөн 20:00гө чейин улантылмакчы.

Бүгүнкү күнү өлкө боюнча 2437  шайлоо участогу ачылып, 27 327 шайлоо участогунун мүчөлөрү ишке тартылды.  Жергиликтүү кеңештерге 4 135 039 шайлоочу катышат. Шайлоочулар тууралуу маалыматты Тизме порталынан алууга болот.

33 шаардык кеңешке 993 депутат жана 231 айылдык кеңешке 5391 депутат шайланат.

Аралыктан добуш берүү үчүн 10 шайлоо участогу ачылды. Аралыктан добуш берүүгө 9050 арыз түштү .Кечээ, шайлоо имараттарынан сырт жакта добуш берүү иши жүрдү. Анда өлкө боюнча 9536 арыз түшүп, 8167 шайлоочу добуш берди.

Шаардык кеңешке талапкерлер шайлоочулардын 5% добушун алса, өттү деп эсептелет.

Шаардык кеңештерге шайлоого 39 саясий партия катышууда, алар 4822 талапкер көрсөттү. Орто эсеп менен алганда бир мандатка төрт талапкер көрсөтүлдү.    

Айылдык кеңештин депутаттарына шайлоочулардын көпчүлүк добуш алгандар өтөт. Анын ичинде 30% аялдар үчүн орун берилет.

Айылдык кеңештерге 9996 талапкер катталды, анда бир мандат үчүн эки талапкер ат салышууда.  

Талапкерлер тууралуу Талапкер порталынан таанышууга болот.

Сүрөт: shailoo.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты