Кыргызстанда жатак абактарды жоюу сунушталууда

  • 1 месяц мурун

Кыргызстандын юстиция министрлиги өлкөдөгү жатак абактарды жоюуну сунуштап жатат. Бул тууралуу 6-августта мекеменин башчысы Аяз Баетов билдирди.

Анын айтымында, жатак абактары жоюлгандан кийин андагы камактагылар пробация системасына которулат.

«Мында реалист болушубуз керек. Бүгүнкү жатак абактардын механизми коомдун заманбап абалына туура келеби? Туура келет деп ишенимдүү түрдө айта албайм. Биз бул механизм керектеп жаткан ресурстарды анализдеп чыгып, айыпталуучуну жатак абакта кармоо менен атайын электрондук билериктин жардамы менен көзөмөлдөөнүн айырмасы жок деген жыйынтыкка келдик»деди министр.

Ошол эле маалда ал мындай реформа Министрлер кабинети колдосо ишке аша турганын белгиледи.

Юстиция министрлигине караштуу жаза аткаруу кызматынын маалыматына караганда, бүгүнкү күндө Кыргызстанда 10 жатак абагы бар.

Сүрөт: RF/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты