Кыргызстанда Эгемендик күнү белгиленүүдө

  • 2 недели мурун

Бүгүн, 31-августта Кыргызстандын эгемендигинин 33 жылдыгы белгиленүүдө. 1991-жылы 31-августта Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыгы тууралуу» декларация кабыл алынып, Кыргызстан эгемен өлкө катары жарыяланган.

Ошондой эле бул күнү Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы белгиленип жатат.

Майрам күнүнө карата борбор калаанын Ала-Тоо аянтында жана аймактарды майрамдык иш-чаралар өтөт.

Ал эми шаардын мэриясы Бишкектин райондорунда өтө турган майрамдык иш-чаралардын программасын жарыялады:

Свердлов району:
31-август күнү саат 08:00дөн баштап Каражыгач токоюнда Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган ачык асман алдында сүрөт көргөзмөсү, ошондой эле спорттук оюндар жана тамактануу зоналары уюштурулат.

Октябрь району:
2024-жылдын 31-августунда Көк-Жар айылында концерт болуп, спорттук оюндар уюштурулат;

Биринчи май району:
2024-жылдын 31-августунда Ак-Босого жаңы конушунда “Этникалык шаарча” уюштурулуп, боз үйдүн жасалгасы, анын ички жасалгасы жана концерттик программа, улуттук тамак-аш, оюн-зоок, спорттук мелдештер уюштурулат.

Ленин району:
31-август саат 16:00 Ю. Фучик көчөсү, 18а үйүнүн жашоочулары үчүн оюн аянтчасында иш-чара өткөрүлөт, ар кандай оюндар уюштурулуп, ал майрамдык концерт менен коштолот;
31-августта саат 10:00дө «Люкс» эс алуу скверинде өспүрүмдөр арасында спорттук иш-чараларды өткөрүү пландалууда;
31-августта саат 15:00дө Ала-Тоо конушунда балдар аянтчасында мектеп жашындагы балдар арасында футбол боюнча мелдеш өтөт;
31-август күнү саат 10:00дө №79 мектепте Арча-Бешик конушунун тургундарына концерт тартууланып, улуттук оюндар уюштурулат;
31-августта саат 17:00дөн 22:00гө чейин Азия-Молл соода борборунун фасадында орус  жана кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда чоң концерт болот;
31-августта саат 11:00дө “Ынтымак” жаңы конушунда шаар тургундарынын катышуусунда концерт болот;
31-августта саат 14:00дө Жаш Гвардия менен Чүй проспектисинин кесилишинде шаардык “Диалог” маданият үйү Бишкек шаарынын тургундарына майрамдык концерт уюштурат.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты