Кыргызстанда динге байланыштуу мыйзамды өзгөртүү сунушталды

  • 2 недели мурун

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия Кыргызстанда “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзам долбоорунунун жаңы редакциясын сунуштады.

37 беренеден турган документте коомдук жайларда жана мамлекеттик мекемелерде адамдын жүзүн тааныганга тоскоолдук кылган кийимдерди кийүүгө тыюу салуу сунушу жазылган. Долбоор 30-августта коомдук талкууга коюлду.

Андан тышкары диний негизде партияларды жана башка саясий бирикмелерди түзүүгө, каржылоого, диний сөздөрдү партиялардын аталышында же үгүт иштеринде колдонууга, депутаттарга диний ишмердүүлүк менен алектенүүгө тыюу салуу каралган. Диний мекемелерде саясий мүнөздөгү ар кандай иш-чараларды өткөрүүгө болбойт.

Ошондой эле диний адабияттарды жана башка материалдарды коомдук жайларда, үй, батирлерди кыдырып таратууга да тыюу салуу сунушталууда.

Мыйзамды бузган адамдарга 20 миң сом, юридикалык жактарга 60-65 миң сом айып салуу каралган.

Кыргызстанда жалпысынан 3,5 миңден ашуун диний уюм каттоодон өткөн. Өлкөдө 2,6 миңдей мечит, 100дөй медресе, 10 ислам институту бар. Христиан багытындагы уюмдардын саны — 399, калгандары башка диндерге таандык.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты