Кыргызстанда чет элдиктерди каттоо тартиби өзгөрөт

  • 2 недели мурун

Кыргызстан менен визасыз каттамы бар өлкөлөрдөн келген жарандарды каттоо тартиби 5-сентябрдан тартып өзгөрөт.

Бул тууралуу Санарип өнүктүрүү министрлиги 3-сентябрда маалымдады. Ага ылайык, өзгөртүүлөр Министрлер кабинетинин быйыл 31-июлда кабыл алынган токтомуна ылайык киргизилүүдө.

«Чет өлкө жарандарынын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргызстанга келүү маселеси тууралуу» токтомго ылайык, Азербайжан, Армения, Беларус, Грузия, Казакстан, Молдова, Орусия, Тажикстандын жарандары Кыргызстандын аймагында жеке иштери менен (окуу, иш сапар, жумуштан тышкары) 60 күндөн ашуун убакта визасыз жүрүшү үчүн төмөнкү документтердин бири болууга тийиш:

— туруктуу жашоого уруксат кагазы;
— жарандыгы жоктугу тууралуу күбөлүк;
-«Кайрылман» күбөлүгү;
-«Мекен карт» күбөлүгү.

Мурунку убакта бул документтер жогорудагы аталган өлкөлөрдүн жарандары Кыргызстанда алты айдан ашуун убакыт жүргөндө гана талап кылынчу.

Өзгөртүүлөргө ылайык, 5-сентябрдан тарта ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн: Армения, Беларус, Казакстан жана Орусиянын жарандары Кыргызстанда 90 күнгө чейин документтерин тиешелүү каттоого койбой, жүрө алышат. Ал эми Азербайжан, Грузия, Молдова жана Тажикстандын жарандары 60 күнгө чейин документтерин тиешелүү каттоосуз жүрүүгө укуктуу. Бул аралыкта катталбаган чет өлкөлүктөр Кыргызстандан чыгып, кайра 60 же 90 күндөн кийин гана кире алышат.

Санарип өнүктүрүү министрлиги маалымдагандай, ошол эле учурда ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн жарандары Кыргызстанда милдеттүү түрдө катоосуз 30 күн жүрө алышарын, ал эми Азербайжандын жарандары 15 күн, Тажикстандын жарандарды 60 күн, Грузиянын жарандары 90 күн жүрө алышат. Ал эми Молдованын жарандары өлкөгө кирген күндөн тартып, 5 жумушчу күн ичинде милдеттүү каттоого туруууга тийиш.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты