Кыргызстанда автогаз дагы эле тартыш болууда

  • 2 месяца мурун

Кыргызстанда автогаз тартыштыгы дагы эле байкалууда.

Бул тууралуу айдоочулар билдирип, айрым май куюучу бекеттерде автогаз такыр эле жок болуп жатса, кээ бир жерлерде көп убакыт кезек күтүп жатышканын айтышууда.

«Кыргызнефтетрейдерлер» ассоциациясынын президенти Канат Эшатов автогаз тартыштыгы дагы деле бар экенин ырастап, муну чакан компанияларда автогаз жок болуп жатканы менен түшүндүрдү.

«Майда компаниялардын чет жактагы чоң ишканалар менен түз келишими жок да. Алар башка компаниялардан автогаз алып кайра сатышат. Ал эми чоң-чоң ишканалар ушул тапта өздөрүнүн май куюучу бекеттерине автогаз ташуу менен алек болуп жатат. Ушундан улам кээ бир кичинекей ишканаларда жок болууда. Автогаз такыр эле жок деп айтканга болбойт» деди ал.

25-июндан бери Бишкектеги ири май куюучу жайлардын айрымдарында газ тартыштыгы жаралган. Май бекеттердин кээлеринде көгүлтүр отун таптакыр калбай калса, калгандарында автоунаалардын кезеги узарган.

«Кыргызнефтетрейдерлер» ассоциациясы муну сезондук боло жүргөн көрүнүш деп сыпаттап, буга газ ташуучу вагондордун жетишсиздиги негиз болгонун билдирген. Уюм мындан сырткары Казакстан газ экспорттоого тыюу салгандан улам кыргызстандык компаниялар Орусиядан гана ташып келип жатканын, автогаз тартыштыгы айрым ишканаларда гана байкалып жатканын кайталады.

«Кыргызнефтетрейдерлер» ассоциациясынын маалыматына караганда, Кыргызстанда жалаң автогаз менен жүргөн машинелердин саны жалпы автоунаалардын 10% жетпейт. 90% ашуун машине күйүүчү май менен жүрөт.

Бишкек шаарында былтыр алынган миңден ашуун автобустун баары газ менен жүрөт.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты