Кыргызстан тамак-аштын баасы боюнча эң арзан мамлекетпи? Текшеребиз

30-май күнү президент Садыр Жапаров “Кабар” мамлекеттик агенттигине маек курган. Өлкө башчысы интервью учурунда, Кыргызстан азык-түлүктүн баасы боюнча дүйнөдөгү эң арзан мамлекет экенин айткан.

“Кошуна мамлекеттер эле эмес, дүйнө жүзү боюнча салыштырып көрсөңөр тамак-аш боюнча эң арзан мамлекет бул — Кыргызстан. Изилдеп салыштырып көрсөңөр толук ынанасыңар. Бир гана күйүүчү май боюнча Казакстан менен Россияда бизге караганда арзан. Бирок бул мамлекеттер нефтинин чордону экенин унутпашыбыз керек. Өздөрүн эле камсыз кылышпастан башка мамлекеттерге дагы экспорт кылышат”,-  деп белигелеген президент. 

“ПолитКлиника” медиасы президент Садыр Жапаровдун азык-түлүктүн баасы боюнча айткандарын текшерип көрдү. 

2021-жылы дүйнө жүзү боюнча азык-түлүктүн баасы 33%га кымбаттаган 

 Бириккен улуттар уюмуна караштуу Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (FAO) статистикасына ылайык,  2021-жылы дүйнөдө азык-түлүктүн баасы 2020-жылга салыштырмалуу 33% кымбаттаган. 

Кыргызстан тамак-аштын баасы боюнча эң арзан мамлекетпи? Текшеребиз

Ага коронавирус пандемиясынан улам дүйнө жүзүн каптаган кризис жана глобалдык жылуулуктан улам келип чыккан экстремалдык аба ырайы баалардын рекорддук өсүшүнө шарт түзгөн. Бул кымбатчылык 2022-жылы да өсүүсүн улантып жатканы белгиленген. 

Башкача айтканда азык-түлүктүн кымбаттоосу дүйнө жүзүндөгү дээрлик бардык өлкөлөрдө болгон. 

Кыргызстан жана ЕАЭБ өлкөлөрү 

Кыргызстан 2021-жылы  ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен инфляциянын эң жогорку деңгээлине жеткен өлкө болду.  Инфляция Кыргызстанда  9,7% түздү. 

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, өлкөдө азык-түлүктүн баасы  2020-жылга салыштырмалуу 2021-жылы 11%га кымбаттаган. 

Кыргызстан тамак-аштын баасы боюнча эң арзан мамлекетпи? Текшеребиз

Бул ЕАЭБке кирген өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстанда азык-түлүктүн баасы кескин көтөрүлгөнүнөн кабар берет. 

Kloop.kg сайтынын дата журналисттери белгилегендей 2020-жылдан кийин Кыргызстанда негизги азык түлүк болгон өсүмдүк майы, жумуртка, кум шекер сыяктуу азыктардын баасы жогорулаган. 

Кыргызстан тамак-аштын баасы боюнча эң арзан мамлекетпи? Текшеребиз

Статистика боюнча, Кыргызстанды башка ЕАЭБ өлкөлөрү менен салыштырганда азык-түлүктүн кымбаттаганы көп билинбейт. Бирок, Кыргызстанда орточо киреше ЕАЭБ өлкөлөрүнө караганда төмөн болгондуктан баалардын кымбаттаганы Кыргызстанда көбүрөөк сезилет. 

Кыргызстан тамак-аштын баасы боюнча эң арзан мамлекетпи? Текшеребиз

Мисалы 2021-жылга карата 4 өлкөнүн борбор шаарындагы Казакстан, Россия, Беларуссия жана Кыргызстандагы товарларлардын статистикасы боюнча, өлкөлөр арасында баа боюнча көп деле айырма болгон эмес. Бирок орточо айлык акыны алганда Бишкектеги айлык акы Москва шаарындагыга караганда 1185$ га аз болгон. Башкача айтканда, статистика боюнча коңшу өлкөлөрдөгү жана ЕАЭБге кирген мамлекеттердин арасынан Кыргызстанда баалар арзаныраак көрүнгөнү менен айлык акы ошого жараша аз. Ал эми учурда азык-түлүк баасы боюнча чоң айырма жок. 

Мындан сырткары Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен эң төмөн сатып алуу жөндөмдүүлүгүнө ээ. 

Кыргызстан тамак-аштын баасы боюнча эң арзан мамлекетпи? Текшеребиз

Башкача айтканда, Кыргызстан азык-түлүктүн баасы боюнча эң арзан мамлекет деген сөз чындыкка дал келбейт. 

Жыйынтык: Манипуляция. 2020-жылдан кийин бүткүл дүйнө жүзүндө азык-түлүккө болгон баа кымбаттаган. Бирок Кыргызстан азык-түлүктүн баасы боюнча эң арзан мамлекет деген сөз чындыкка дал келбейт. Анткени ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстандагы баанын айырмасы өтө чоң болбогону менен айлык акы аларга салыштырмалуу 3-4 эсеге аз. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты