Кыргызстан-Түркия: Тараптар аймагындагы абактагыларды экстрадициялоо, которуу маселелери талкууланды

  • 2 месяца мурун

1-июлда Анкара шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Түркиянын юстиция министринин орун басары Хуршит Йылдырым менен жолугушту.

Бул тууралуу тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди.

Талкуунун негизги темасы Кыргыз Республикасы менен Түркиянын ортосундагы жарандык, экономикалык жана кылмыш иштери боюнча укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө болду.  

Тараптардын аймагындагы абактарда жазасын өтөп жаткан соттолгондорду экстрадициялоо жана которуу маселелери кеңири талкууланды.

Эки өлкөнүн тиешелүү мамлекеттик органдарынын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын башкы прокуратурасы жана юстиция министрлиги менен Түркиянын юстиция министрлигинин ортосундагы тыгыз өз ара аракеттенүү белгиленип, тараптардын кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө даярдыгы белгиленди.

Кыргызстан-Түркия: Тараптар аймагындагы абактагыларды экстрадициялоо, которуу маселелери талкууланды

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынын

Сүрөт: ТИМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты