Кыргызстан сатып алган алгачкы учак өлкөгө келди

  • 1 неделя мурун

Бүгүн, 6-сентябрда «Манас» эл аралык аэропорту» ишканасынын «Асман аба жолдору» авиакомпаниясы үчүн сатылып алынган Dash 8 Q400 үлгүсүндөгү биринчи учак Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Учактын келишине байланыштуу өткөн иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышып, акыркы үч жылда “Манас” эл аралык аэропорту болуп көрбөгөндөй ийгиликтерге жетишкенин билдирген. Ошондой эле «Манас» аэропортунун 2019-жылдагы таза кирешеси 2 миллиард 108 миллион сом болсо, 2023-жылы таза киреше 6 миллиарддан ашык сомду түзгөнүн белгилеген.

“2023-жылы инвестициялык активдүүлүк 5 миллиард 368 миллион сомду түзүп, жеке каражаттын эсебинен “Асман аба жолдору” авиакомпаниясы үчүн эки Q 400 жана “Эйркей джи” авиакомпаниясы үчүн бир Beechcraft King Air 360 учактарын сатып алууга мүмкүнчүлүк түздү. Бүгүнкү күндө дагы бир Q 400 учагы сатылып алынды. Мындан тышкары, ички жана эл аралык каттамдарда жүргүнчүлөрдү ташуунун туруктуу өсүшүнө жетишүү мүмкүн болду. 2023-жылы жалпы жүргүнчү ташуу 5 миллион 609 миң жүргүнчүнү түздү. 2021-жылдан 2023-жылга чейинки мезгилде өлкөнүн аэропортторунда тейленген жүргүнчүлөрдүн өсүү динамикасы 3,98 миллиондон 5,6 миллионго чейин болуп ал 41%ды түздү”,- деген Жапаров.

«Канаданын “DeHavilland Aircraft of Canada” компаниясынын Bombardier Dash 8 Q-400 учагы — 80 жүргүнчүнү батыра алат жана 2 миң чакырымга чейинки аралыкка учууга жөндөмдүү. Q 400 — заманбап, ишенимдүү жана үнөмдүү учак. Учак кыска аралыкка учууларды эффективдүү аткарууга жөндөмдүү, бул анын Кыргызстандын шаарлары менен облустарынын ортосундагы каттамдар үчүн ыңгайлуу»,-деп айтылат маалыматта.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты