«Кыргызстан Олимпиадада медалдардын пайыздык көрсөткүчү боюнча 1-орунда турат» деген маалымат жалган. Фактчекинг 

Социалдык тармактарда “Кыргызстан Парижде өткөн Олимпиада оюндарында уткан медалдардын катышкан спортчулардын санына карата пайыздык көрсөткүчү боюнча биринчи орунда турат” деген таблица тараган. Ал таблица Ютуб жана Тредс платформаларынын колдонуучулары тарабынан активдүү бөлүшүлүп, айрым каналдар да бул маалыматты беришкен.

"Кыргызстан Олимпиадада медалдардын пайыздык көрсөткүчү боюнча 1-орунда турат" деген маалымат жалган. Фактчекинг 

Муну менен бирге бул таблицанын расмий эмес экенин айтып, “манипуляция” деп атагандар да болгон.

"Кыргызстан Олимпиадада медалдардын пайыздык көрсөткүчү боюнча 1-орунда турат" деген маалымат жалган. Фактчекинг 

“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.

Биз алгач бул маалыматтын баштапкы булагын табууга аракет кылдык. Кайтарым издөөнүн натыйжасында таблицанын алгачкы бөлүшүлгөнү эки күн мурунку (12-август) убакытты көрсөтүп, жогорудагы эле колдонуучуларга шилтемелер берилди. Ал эми ачкыч сөздөр менен издөө аркылуу биз 11-август күнү твиттер платформасында бөлүшүлгөн башка бир адамдын постун таба алдык.

"Кыргызстан Олимпиадада медалдардын пайыздык көрсөткүчү боюнча 1-орунда турат" деген маалымат жалган. Фактчекинг 

Бул пост жалпы жонунан ошол эле маанини камтыйт. Бирок жогорудагылардан айырмаланып бир күн эрте берилген жана сүрөттөгү программа менен эмес Chat GPT аркылуу эсептелгенин көрүүгө болот. 

Дүйнөлүк рейтинг

Парижде өткөн олимпиада оюндарында Кыргызстандын атынан жалпы 16 спортчу катышып, өлкөгө эки күмүш жана төрт коло медаль менен келишкен. Эл аралык олимпиадалык комитеттин официалдуу сайты берген маалыматка ылайык, жалпы рейтингде Кыргызстан уткан медалдары боюнча 68-орунда турат.

"Кыргызстан Олимпиадада медалдардын пайыздык көрсөткүчү боюнча 1-орунда турат" деген маалымат жалган. Фактчекинг 
"Кыргызстан Олимпиадада медалдардын пайыздык көрсөткүчү боюнча 1-орунда турат" деген маалымат жалган. Фактчекинг 

Белгилей кетүүчү нерсе, рейтингдеги орундар спортчулар уткан медалдын түрүнө, алтын, күмүш же коло экенине карай эсептелинет. Демек бул расмий маалымат эмес. 

Таблица чындыкка дал келбейт

Колдонуучулар тарабынан бөлүшүлгөн таблицада медалдардын алтын, күмүш же коло экенине карабай сандык негизде жыйынтык чыгарылган. Биз  медалдардын спортчулардын санына карата пайыздык көрсөткүчүн эсептеп көрүү үчүн медалга ээ болгон бардык 84 мамлекеттин жыйынтыктарын Excel формасына киргизип эсептеп көрдүк. 

"Кыргызстан Олимпиадада медалдардын пайыздык көрсөткүчү боюнча 1-орунда турат" деген маалымат жалган. Фактчекинг 
"Кыргызстан Олимпиадада медалдардын пайыздык көрсөткүчү боюнча 1-орунда турат" деген маалымат жалган. Фактчекинг 

(Спортчулардын саны Эл аралык олимпиадалык комитеттин официалдуу сайтынан алынды)

Мында Кыргызстанга тиешелүү болгон 37,5%дык көрсөткүч чын эле жакшы жыйынтык экенин көрүүгө болот. Бирок аны менен рейтинг чыгара турган болсок, өлкөбүз  таблицанын ээси ишендиргендей биринчиликте эмес, топ 3кө кирет.

"Кыргызстан Олимпиадада медалдардын пайыздык көрсөткүчү боюнча 1-орунда турат" деген маалымат жалган. Фактчекинг 

Алсак, ошол эле Түндүк Корея (КНДР) 14 спортчу менен 6 медаль алып 42,9% менен экинчи орунда турса, биринчиликти 4 спортчу менен 2 медаль алып 50%дык көрсөткүч менен Сент-Люсия мамлекети ээлейт. 

Сент-Люсия Кариб аралдарында жайгашкан мамлекет. Официалдуу сайттын маалыматына ылайык, бул эки медалды тең өлкөсүнө Альфред Жулиен аттуу спортчу айым алып келген.

"Кыргызстан Олимпиадада медалдардын пайыздык көрсөткүчү боюнча 1-орунда турат" деген маалымат жалган. Фактчекинг 

 Ал спорттун жеңил жеңил атлетика түрү боюнча 100 жана 200 метрлик аралыкка чуркап, 1 алтын жана 1 күмүш медалдын ээси болгон.

Жыйынтыктап келчү болсок, социалдык тармактарда тараган бул таблица бурмаланган болуп эсептелинет. 

Бирок, бул Олимпиада азырынча Кыргызстандын тарыхында эң мыкты көрсөткүч.  

Эске салсак, 33-Олимпиада оюндарында спортчулар Мээрим Жуманазарова жана Мунарбек Сейитбек уулу күмүш медаль алышса, Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков жана Үзүр Жузупбековдор өлкөнүн куржунуна төрт коло медаль кошушкан. Буга чейинки мыкты көрсөткүч 2021-жылы Токидогу Олимпиада оюндарында болуп, анда спортчулар Айсулуу Тыныбекова жана Акжол Махмудов күмүш, Мээрим Жуманазарова коло медаль уткан.

Жыйынтык: “Кыргызстан Олимпиадада уткан медалдарды спортчулардын санына салыштырганда 1-орунда турат деген” маалымат бурмаланган. 

Сүрөт: интернет булагы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты