Кыргызстан менен Италия соттолгондорду өткөрүп берүүнү макулдашышты

  • 2 дня мурун

3-октябрда Садыр Жапаров Италиянын Министрлер кеңешинин төрайымы Жоржа Мелони менен жолугуп, бир катар макулдашууларга кол коюлган. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Кыргызстан менен Италиянын ортосунда экстрадациялоо жөнүндөгү жана соттолгондорду өткөрүп берүү жөнүндөгү макулдашууларга кол коюлган. Жана дагы Кыргызстандын Министрлер Кабинети менен Италия Өкмөтүнүн ортосундагы аудиовизуалдык продукцияны биргелешип чыгаруу жөнүндө макулдашуу жүргүзүлгөн.

Ошондой эле, Кыргызстан менен Италиянын Юстиция министрликтеринин ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлганы айтылды.

Эске сала кетсек, 2-октябрда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Италияга расмий иш сапары менен учуп кеткен.

Расмий сапардын жүрүшүндө жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сүйлөшүүлөр күтүлүүдө, алардын жүрүшүндө кыргыз-италиялык өз ара мамилелердин бүтүндөй комплекси жана аларды өнүктүрүүнүн келечеги талкууланары айтылган. 

Делегация курамында  тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев,  — Кыргызстандын Италиядагы элчиси Таалай Базарбаев, башкы прокурор Максат Асаналиев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов, юстиция министри Аяз Баетов,  президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев, президентке караштуу инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев бар экендиги белгилүү болгон.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты