Кыргызстан элинин ассамблеясына 30 жыл толду  

  • 3 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-июнда, Кыргызстан элинин ассамблеясынын 10-жыйынынын делегаттарына кайрылуу жолдоду жана аларды Ассамблеянын 30 жылдык мааракеси менен куттуктады.

Бул тууралуу президенттин сайтында маалымдалды.

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган иш-чара «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өттү.

Мамлекет башчынын кайрылуусун катышуучуларга мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов окуду.

Ал бүгүнкү күндө 100дөн ашуун ар кандай этностун өкүлдөрүынтымакта, достукта, биримдикте кол кармаша жашап келе жатканын белгиледи.

Мындан тышкары Президент Садыр Жапаровдун кайрылуусунда Кыргызстан элинин ассамблеясынын макамын жогорулатуу керектегине көңул бурулган.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты