Кыргызстан Дүйнөлүк билим индексинде 84 орунду ээледи.

  • 12 часов мурун

Кыргызстан дүйнөдөгү өлкөлөрдүн билим деңгээлин баалаган Global Knowledge Indexтин 2023-жылга болгон отчётунда 84 орунду ээледи.

Биринчи орунду Швецария, андан кийинки орундарды Финляндия менен Швеция ээледи. Эң акыркы орундарда Конго, Нигерия жана Чад турат.

Борбор Азия өлкөлөрүндө эң жакшы көрсөткүчтү Казакстан (74-орун), андан кийин Өзбекстан (78) көрсөттү. Ал эми Тажикстан 111-орунду ээлеген.

Бул индекс — 2017-жылы Бириккен улуттар уюмунун Өнүктүрүү программасы — Араб мамлекеттери боюнча аймактык бюросу (UNDP rBas) жана Мохаммед бин Рашид аль Мактум Билим руху фондунун (MBrf) ортосунда түзүлгөн долбоор.

Индекс жалпы жети багыт боюнча өлкөлөрдүн рейтингин чыгарат. Алар: университетке чейинки билим берүү; техникалык жана кесиптик билим берүү жана окутуу; жогорку билим; маалымат жана коммуникация технологиялары; изилдөө жана иштеп чыгуулар жана инновациялар; жана экономика.

Сүрөт: knowledge4all.com

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты