Кыргыз жараны Орусиядан ири суммадагы акчаны мыйзамсыз алып чыгып бара жатып кармалды

  • 3 месяца мурун

24 жаштагы кыргыз жараны Орусиянын Новосибирск шаарынан Өзбекстанга 1,8 млн рубль акча каражатын мыйзамсыз алып чыгуу аракети үчүн кармалды.

Бул тууралуу Сибирь бажы башкармалыгынын сайтында кабарланды.

Маалыматка ылайык, “Толмачёво” аэропортунун бажы постунун кызматкерлери Фергана шаарына учуп бара жаткан Кыргызстандын жаранын көп суммадагы накталай акчаны “жашыл коридор” аркылуу алып чыгып бара жаткан жеринен кармашкан.

Кызматкерлер жүргүнчүнүн багажынан дээрлик 1,8 млн рубль акча каражатын табышкан.

“Муну менен ал бажы декларациясына тиешелүү анын эч кандай товары жана валютасы жок экенин билдирген” деп айтылат маалыматта.

Акча каржаттардын табылышана кинолог жана кызматтык ит жардам берген. Эреже боюнча, аэропорттон 10 миң АКШ долларына чейин гана акча каражатын “жашыл коридор” аркылуу алып чыгууга болот. Андан ашык суммадагы акча каражатын алып чыгуу мыйзамсыз деп эсептелинип, андан ашык сумманы жүргүнчү “кызыл коридор” аркылуу, декларация толтуруп гана алып чыга алат.

Орусиянын административдик укук бузуулар жөнүндө кодексинин 16.4 (Жеке адамдар тарабынан накталай акчаны декларация кылбоо) беренеси боюнча административдик укук бузуу жөнүндө иш козголгондугу айтылды. Ошондой эле мыйзамсыз чыгарылып бара жаткан каражаттар камакка алынып, ал боюнча сот чечим чыгара тургандыгы кабарланды.

Сүрөт: сustoms.gov.ru

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты