Кыргыз тили мамлекеттик макамга ээ болгонуна 35 жыл толду. Куттуктоо

  • 1 месяц мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-сентябрь — Мамлекеттик тил күнү менен кыргызстандыктарды куттуктады. Куттуктоо президенттин сайтына жарыяланды.

“Мамлекеттик тил – эгемен мамлекеттин эң башкы белгилеринин бири. Биздин тарых-таржымалыбыз менен көөнө маданиятыбыз эне тилден башат алат. Улут уңгусуна, анын нарк-насилине жан салып сактап келген, сактай турган дагы дал ушул эне тилибиз! Көп тилдерден айырмаланып, кыргыз тили көөнө тил корун түзгөн тилдердин катарына кирет. Ошондой эле биздин эне тилибиз – жалпы түркий тектеш тилдердин өзөгү болуп келген улуу тил. Анын башкалардан өзгөчөлүгү мына ушунда.

Өз эне тилине дилин бербеген, дитин койбогон, анын келечегине кам көрбөгөн элдин арымы кыска, келечеги бүдөмүк болот.Мына ошондуктан мамлекеттик тил саясаты мамлекеттик саясаттын эң маанилүү ажырагыс бөлүгү.

Кезинде кыргыз тили адабияттын, маданияттын тили боло алабы деген сындуу собол турган. Ага мезгил өзү жооп берди. Кыргыз тили мамлекеттик деңгээлдеги иш-кагаздарынын билине, анын ичинде мыйзам тилине, илим менен билимдин тилине айланды.

Кыргызстандыктарды бир туунун астына бириктирип, коомдогу туруктуулукту камсыз кылып келаткан эне тилибизди аздектеп сактоо жана аны жалпы улуттук орток тил катары өнүктүрүү – биздин башкы парзыбыз.

Улуттук биримдикти жана социалдык туруктуулукту сактап, келкели келип турган келечек муунга эне тилибизди татыктуу өткөрүп берели!

Дагы бир жолу баарыңыздарды мамлекеттик тил майрымыӊыздар менен куттуктайм!” деди куттуктоодо Садыр Жапаров.

Кыргызстанда 23-сентябрь -мамлекеттик тил күнү, кыргыз тили катары белгиленип келет. Кыргыз тили мамлекеттик макамга ээ болгонуна быйыл 35 жыл болду. 1989-жылы 23-сентябрда “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзам кабыл алынып, андан кийин кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы берилген.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты