“Кыргыз темир жолунун” Кара-Суу бекетиндеги 242 млн сомго бааланган жери мамлекеттик менчикке алынды

  • 3 дня мурун

Мыйзам бузуучулуктарга карата “Кыргыз темир жолу” түштүк бөлүмүнүнбашчысынын наамына прокурордук акт келтирилип, аны кароонун жыйынтыгында 242 млн 50 миң сомго бааланган, жалпы аянты 10 443,5 м2 түзгөн жер тилкеси мамлекеттин менчигине каттоого алынды.

Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Кыргыз транспорттук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын түштүк бөлүмүнө караштуу “Кара-Суу” бекетинин имараттары жайгашкан жана ага тийиштүү жалпы 10 443,5 м2 түзгөн жер тилкелерине укук аныктоочу жана укук тастыктоочу документтери жок, мамлекеттик менчикке алынбай келгендиги аныкталган.

Сүрөт: prokuror.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты