Кыргыз темир жолунун 100 жылдыгы белгиленди

  • 2 месяца мурун

Садыр Жапаров бүгүн, 1-августта Кыргыз темир жолунун түзүлүшүнүн 100 жылдыгына карата уюштурулган салтанаттуу иш-чарага катышты. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Президент иш-чарада сөз сүйлөп, улуттук темир жол экономикалык кризистерге, саясий өзгөрүүлөргө жана технологиялык кыйынчылыктарга карабастан иштеп да, өнүгүп да келе жатканын баса белгилеген. Ошондой эле, «Кыргыз темир жолу» ишканасынын кызматкерлери менен ардагерлерин куттуктаган.

Маалыматта айтылгандай, өлкө башчы “Кыргыз темир жолунда” атайын техника паркы жаңыланганын, станцияларга видеокөзөмөл камералары орнотулганын, локомотивдерди оңдоонун жаңы ыкмалары өздөштүрүлүп, магистралдык жолдорду оңдоо, трассаны узартуу иштери аткарылганын айткан. Ошондой эле, темир жолдорду модернизациялоого, тейлөө сапатын жакшыртууга, инновациялык технологияларды киргизүүгө бардык күч-аракеттер жумшалышы керектигин кошумчалаган.

«Президент “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жол стратегиялык долбоорун ишке ашырууну, анын аркасында өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүдө негизги ролду ойногон бирдиктүү темир жол тармагы түзүлөрүн белгиледи»,-деп айтылат маалыматта.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты