Кыргыз-тажик чек арасынын 94% такталып бүттү

  • 2 месяца мурун

Бүгүнкү күнгө карата кыргыз-тажик чек арасынын 928 чакырымы (94%) такталып бүттү. Бул тууралуу Тажикстандын Жер башкаруу жана геодезия боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Ориф Хожазода билдирди.

Чек аранын калган талаш тилкелерин тактоо иштери уланып жатканын белгилеген Хожазода тараптардын сүйлөшүүлөрү боюнча кеңири маалымат берген жок.

«Кыргызстан менен Тажикстандын топографиялык топтору быйылкы жылдын алты айында 12 жолу жолугуп, чек ара маселеси боюнча кыйла жетишкендиктерге жетти. Бул аралыкта жалпысынан 82,3 чакырым тилке такталды. Калган тилкелер боюнча өз ара пайдалуу чечим кабыл алуу боюнча сүйлөшүүлөр уланып жатат. Эки тарап тең маселени консенсус жолу менен чечүүгө аракет кылууда» деди Хожазода.

Кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөр жабык өтүүдө. Ориф Хожазода «коопсуздукту камсыз кылуу жана чек араны тактоо иштерин ийгиликтүү аяктоо максатында сүйлөшүүлөр жөнүндө маалыматтар ачыкка чыгарылбай турганын» билдирди.

Сүйлөшүүлөрдүн жабык өтүп жатышы эки өлкөнүн жарандарын, өзгөчө чек арага жакын аймактардын тургундарын тынчсыздандырууда.

Президент Садыр Жапаров былтыр жыл аягында Баткенге барганда Тажикстан менен чек ара 2024-жылдын жаз айларына чейин такталып каларын айткан.

Эки өлкөнүн чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырым. 2022-жылы президенттер жолуккан маалда мунун 664 чакырымы боюнча орток пикир табылганын айтышкан.

Чек ара такталбагандыктан суу, жер, жол, жайыт талаштан улам аймакта байма-бай чыр-чатактар катталып келген. 2021-жылдын апрель-майында жана 2022-жылдын сентябрында чек арада кандуу кагылышуулар болгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты