Кыргыз-тажик чек арасы: Жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусу Баткенде өттү

  • 4 недели мурун

Мурдагы жетишилген келишимге ылайык, 11-августтан 17-августка чейин Баткен шаарында Кыргыз Республикасынын жана Тажик Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун жана укук маселелери боюнча жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү.     

Бул тууралуу Министрлер кабинети билдирди.

Бул жолугушуунун алкагында кыргыз-тажик чек арасынын калган участкаларынын чек ара тилкелерин тактоо боюнча жана талкуулар жана сунуш-пикирлер менен алмашышты.  

Чек ара тилкелеринин калган участкаларын тактоо иши Тажикстандагы жолугушууда улантылат.

Аталган жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тиешелүү протоколго кол коюлду.   

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты