Кыргыз-тажик чек арасы: Топографиялык жумушчу топтордун жолугушуусу болду

  • 1 неделя мурун

1-сентябрдан 7-сентябрга чейин Тажикстандын Согди облусунун Бустон шаарында  кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун жана топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, бул жолугушуунун алкагында тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгынын калган тилкелердеги өтүүсүн сыпаттоо боюнча талаачлык иштерин жүргүзүштү.

Тараптар Кыргызстанда өттө турган кийинки жолугушууда калган аймактарды сыпаттоо боюнча ишти улантышат.

Жолгушуунун соңунда тиешелүү протоколго кол коюлду.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты