Кыргыз-тажик чек арасы: Топографиялык топтордун кийинки жолугушуусу Кыргызстанда өтөт

  • 2 месяца мурун

2024-жылдын 1-июлунан 6-июлуна чейин Тажикстандын Согди облусунун Бустон шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасы менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун жана топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жыйыны болуп өттү.

Бул жолугушуунун жүрүшүндө тараптар талкууну улантып, калган тилкелерде кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгынын өтүшүн сыпаттоо боюнча сунуштар менен алмашышты.

 Тараптар бул ишти Кыргыз Республикасынын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда улантат.

 Анын алдында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагаларынын кезектеги жолугушуусу болуп өттү.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты