“Кыргыз спортчулары Олимпиада оюндарында начар тамактанып жатышат”. Видеону текшеребиз

Фейсбук колдонуучусу Самат Жумалиев кыргыз балбандарынын тамактанып жаткан видеосу менен бөлүшүп, Олимпиаданы уюштуруу комитетине нааразычылыгын билдирген. Ал видеону 500гө жакын адам бөлүшүп, колдонуучулар арасынды кызуу талкууга алынды. 

“Кыргыз спортчулары Олимпиада оюндарында начар тамактанып жатышат”. Видеону текшеребиз

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, аталган видео 2024-жылкы Азия чемпионатында тартылган деп билдирди: 

“Социалдык тармактарда кыргызстандык спортчулар Парижде тамак жеп отургандары тууралуу жалган видео тарап жатат. Бул видео Парижде эмес, Бишкектеги муз аянтында тартылган. Ал жерде ушул жылы Азия чемпионаты өткөн. Биздин спортчулар дал ушул жерде күрөштөн кийин тамактанып, эс алып отурушкан. Андыктан, соцтармактарда тараган тасма жалган экенин билдирип кетким келет”. 

“ПолитКлиника” медиасы видео качан жана каякта тартылганын текшерип көрдү. Чынында эле ушул жылдын апрель айында Бишкекте Азия чемпионаты болуп өткөн. Анда спортчулар Париж Олимпиадасына лицензия үчүн да күрөшүшкөн. Видео дал ушул Азия чемпионатынан алынган деп айтууга болот. Мисалы, видеодогу спортчу 2024-жылкы Азия чемпионатына тигилген форманы кийип отурганын көрүүгө болот. 

Ошондой эле, спортчулар отурган бөлмө Азия Чемпионаты өткөн Бишкек аренанын кийинип чечинүүчү бөлмөсү менен салыштырганда, окшош чыкты. 

Ал эми, спортчулардын Париж Олимпиадасында эмне менен тамактанып жаткандыгы тууралуу азырынча маалымат чыга элек. Бирок, коло медалдын ээси Үзүр Жузупбеков, алгач өзүн начар сезгенин, ал тамак менен байланыштуу болушу мүмкүн экендигин айткан

Жыйынтык: Спортчулар тамактанып отурган видео 2024-жылкы Азия чемпионатында болгон, ал“Бишкек арена” спорт комплексинде өткөн. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты