Кыргыз өрүгүн Кытайга экспорттоо мүмкүнчүлүгү түзүлүүдө
- 2 месяца мурун
Жакында кыргызстандык багбандар өрүктү кытай базарына экспорттоп башташы мүмкүн. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын 23-июлунда Министрлер кабинетинде Кыргызстандан Кытай Эл Республикасына өрүктү экспорттоодо фитосанитардык талаптар жөнүндө Протокол бекитилген. Андан кийин Протоколду ишке ашыруу үчүн өрүк өстүрүлгөн аймактарда кыргыз-кытай инспекциясы уюштурулары айтылды.
“Муну эске алуу менен биз өрүк өндүрүүчүлөргө кытайлык өнөктөштөрдү издөөнү жана өрүктү жеткирүү боюнча фьючерстик келишимдерди түзүүнү сунуштайбыз” деп айтылат маалыматта.
Сүрөт: интернет булактары
Муну бөлүшүү