Кыргыз-кытай чек арасында жер титирөө катталды
- 23 часа мурун
Бүгүн, 17-октябрда таңкы саат 4:30дарда Кытайдын Кыргызстан менен чектешкен аймагында күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту билдирди.
Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Кытайда жайгашкан. Очок Бедел айылынан 40 чакырым түштүк-чыгышта, Кумтөр кенинен 80 чакырым түштүк-чыгышта, Каракол шаарынан 150 чакырым түштүк-чыгышта, Кажы-Саядан 153 чакырым түштүк-чыгышта жайгашканы айтылды.
Эпицентрда жер титирөөнүн күчү 6 баллды көрсөткөн.
Ал эми Кыргызстандын калктуу конуштарында жер титирөөнүн күчү: Бедел, Ыштык, Кара-Сай айылдарында 4 балл, Кумтөр кенинде 3 баллга жакын сезилген.
Сүрөт: seismo.kg
Муну бөлүшүү