Кыргыз геология кызматы Ош облусунун бир катар райондорунда кен байлыгы бар жерлерди аукционго койду
- 2 месяца мурун
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Кыргыз геология кызматы Ош облусунун Чоң-Алай, Алай, Араван, Ноокат, Өзгөн жана Кара-Суу райондорунун кен байлактары бар бир катар жер участокторун аукционго койгонун жарыялады.
Анда пайдалуу кен байлыктары: көмүр, мрамор, акиташ, курулуш куму бар жерлер боюнча 41 лот коюлган.
Чоң-Алай районундагы Кош-Дөбө-Бегичи участогунун баштапкы баасы 4650 доллар, Жылуу-Суу участогу-7890 доллар, Кызыл-Үңкүр участогу-2317 доллар турат. Ал эми Алай районундагы Арча-Булак участогу -2480 доллар, Кызыл-Тоо участогу -2940 доллар. Араван районундагы Түштүк-Араван участогу 405 доллар, Кекилик тоо участогу 695 доллар. Ноокат районунда Улуу-Тоо участогу 1065 доллар, Кичи-Кумтөр-893 доллар. Өзгөн районундагы Торгой-Дөбө Борбордук участогу -505 доллар, Ак-Жар участогу -206 доллар, Кара-Суу районундагы Төлөмүш участогу 712 доллар, Папан-Кашка-Суу участогу- 1940 доллар.
Аукцион 2024-жылдын сентябрь айында өтөт. Чоң-Алай районунун Дорот-Коргон айылында 16-сентябрда, Алай районунун Гүлчө айылында 17-сентябрда, Араван районунда 17-сентябрда, Ноокат шаарында 18-сентябрда, Өзгөн шаарында 19-сентябрда жана Кара-Суу шаарында 20-сентябрда өтөт.
Аукционго катышуу үчүн документтерди Кыргыз геология кызматына 9-сентябрь саат 18:00гө чейин, Бишкек шаары, Эркиндик проспекти,2, 305-кабинетке бериш керекю Кошумча маалыматты +996 904040 телефон номуру же www.geology.kg. сайтынан алууга болот.
Иллюстрациялык сүрөт