Кыргыз футбол биримдигинин улуттук футбол академиясы ачылды

  • 5 часов мурун

Президент Садыр Жапаров жана Азия футбол конфедерациясынын (АФК) президенти шейх Салман бин Ибрагим Аль-Халифа 22-октябрда, Бишкек шаарында Кыргыз футбол биримдигинин улуттук футбол академиясын биргелешип ачышты.

Бул тууралуу президенттин сайтында маалымдалды.  

Маалыматта айтылгандай, академия 3,374 гектар аянтты ээлейт жана заманбап спорттук объектилерди камтыйт: табигый жана жасалма чөптүү футбол талаалары, машыгуу аянтчалары, мейманкана комплекси, футзал оюндарын өткөрүү үчүн спорттук зал, трибуналар, кафетерий жана спортчуларды даярдоо үчүн башка керектүү курулмалар.

Академиянын курулушу эл аралык жана жергиликтүү уюмдардын, анын ичинде ФИФАнын, Азия футбол конфедерациясынын, футболду колдоо фондунун жана Кыргыз футбол биримдигинин каржылык колдоосу менен ишке ашты.

Азыркы академиянын ордунда буга чейин шаардык полигон жайгашкан, бирок мамлекеттин жана өнөктөштөрдүн аракети менен аймак тазаланып, футбол комплексин өнүктүрүүгө даярдалган.

Кыргыз футбол биримдигинин улуттук футбол академиясы ачылды

Сүрөттөр: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты