Кыйноолорду алдын алуу улуттук борбору: Ала-Бука ИИБде жаран ур-токмокко алынган

  • 2 недели мурун

2024-жылдын 18-сентябрында Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбору, кыйноолорду жана катаал мамилелерди алдын алуу максатында, Жалал-Абад шаарында жайгашкан, Жаза аткаруу кызматынын №53 мекемесинде текшерүү иштерин жүргүздү.

Бул тууралуу Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбору маалымдады.  

Текшерүүдө, Е.С. аттуу жаран Ала-Бука РИИБнин милиция кызматкерлери тарабынан ур- токмокко алынганы аныкталды.

Улуттук борбор тарабынан кыйноо фактысы боюнча медициналык кароо формасы (Стамбул протоколу) толтурулуп, материалдар прокуратура органдарына жөнөтүлдү.

Кыйноолорду алдын алуу улуттук борбору: Ала-Бука ИИБде жаран ур-токмокко алынган

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Сүрөт: npm.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты