Куткаруучулар Кызыл-Кыяда көп кабат үйдүн батиринде камалып калган наристени куткарды
- 12 часов мурун
Бүгүн, 17-ноябрда, Кызыл-Кыя шаарындагы Султанов көчөсүндө жайгашкан №5 көп кабаттуу үйдүн батиринде эшик бекилип калып, ичинде беш жаштагы наристе калып калгандыгы тууралуу маалымат саат 18:28де келип түшкөн.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирген.
Аталган даректе куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн шаардык куткаруу бөлүмүнөн үч куткаруучу тартылган. Натыйжада наристе аман-эсен куткарылып, ата-энесине өткөрүлүп берилген.
Сүрөт: ӨКМ
Муну бөлүшүү