Куткаруучулар кар көчкү алдында калган адамдардын бардыгынын сөөгүн табышты
- 3 дня мурун
Бүгүн 19-ноябрда кар кчкү алдында калып, изделип жаткан үч адамдын сөөгү куткаруучулар тарабынан саат 10:30да табылды.
Буга чейин өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы алыскы Ак-Сайында кар көчкүдөн улам дайынсыз болгон 6 жарандын үчөөнөн сөөгү изделип жаткан.
Алардын ичинен 3 адамдын сөөгү кечээ,18-октябрда табылып, тик учак менен Кумбел тилкесиндеги штабга жеткирилген.
Ал эми бүгүн табылган үч адамдын сөөгүн куткаруучулар ИИМ кызматкерлерине жана туугандарына өткөрүштү.
ӨКМнын маалыматы боюнча, 9-октябрь күнү Каныш-Кыя айылынын тургундары жана бир чет элдик жаран, жалпы 14 адам, эндик өсүмдүгүнүн тамырын издөөгө тоого кеткенден кийин дайынсыз болуп жатышкан. Ал эми 16-октябрда издөө иштеринин натыйжасында 8 жаран аман-эсен табылган, ал эми калган 6 кишинин кар көчкү алдында калышы мүмкүн деген маалымат берилген.
Сүрөт: ӨКМ