Куткаруучулар Чаткал районунда дайынсыз болгондорду издөөгө жөнөп кетишти
- 3 дня мурун
- Видео
Чаткал районунун Ак-Сай өрөөнүндө кар көчкү алдында калган жарандарды издөө иштерин улантуу үчүн беш куткаруучу, анын ичинде кар көчкү боюнча эки адистен турган биринчи топ издөө аймагына бүгүн, 19-октябрда, саат 07:30да жөнөп кетти.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар (ӨКМ) министрлиги билдирди.
Саат 08:02де тик учак Кумбел тилкесине ийгиликтүү конгону маалымдалды.
ӨКМ Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Ак-Сай өрөөнүндө кар көчкүнүн алдында калган жарандарды издөө иштерин жүргүзүп жатат.
Аба ырайынын шарттарына байланыштуу кечээ издөө иштери убактылуу токтотулган. Дайынсыз болгон 6 жарандын 3өөнүн сөөгү табылып, тик учак менен Кумбел тилкесиндеги штабга жеткирилген. Калган үч жаранды издөө иштери улантылууда.
ӨКМнын маалыматы боюнча, 9-октябрь күнү Каныш-Кыя айылынын тургундары жана бир чет элдик жаран, жалпы 14 адам, эндик өсүмдүгүнүн тамырын издөөгө тоого кеткенден кийин дайынсыз болуп жатышкан. Ал эми 16-октябрда издөө иштеринин натыйжасында 8 жаран аман-эсен табылган, ал эми калган 6 кишинин кар көчкү алдында калышы мүмкүн деген маалымат берилген.
Сүрөт: ӨКМ