Курал-жарак жана ок-дарылар сакталган жай табылды

  • 1 месяц мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаарына жакын жерден ок атуучу куралдардын жана ок-дарылардын сакталган жайы аныкталды.

Анда белгисиз маркадагы арааланган жылмакай эки мылтык, болжолдуу ТОЗ-8 маркасындагы мылтык, белгисиз модификациядагы 4 тапанча, 7, 62х54 – калибрдеги 39 патрон (анын ичинде трассердик жана броне – тешүүчү октор), 16-калибрдеги 15 патрон, 9 мм. калибрдеги травматикалык 5 ок, 18х45 калибрдеги 4 ок, эки бычак жана 2  DVD– дисктер табылган.

УКМК органдары тарабынан уюшкан кылмыштуу топтордун, диний экстремисттик жана эл аралык террористтик уюмдардын ишмердүүлүгүнө тиешеси бар адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылып жатканын эскертти. Ошондой эле ок атуучу куралдарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралганын да кошумчалады.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты