“Кум-шагыл” заводу мамлекетке кайтарылды

2004-жылы Бишкектеги “Кум-шагыл” заводун жана ага жанаша жайгашкан 16,05 га жана 1,2 гектардагы өнөр жай карьерин белгиленген тартипти бузуу менен жеке менчикке чыгаруу фактысы аныкталды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады.  

Маалыматта аййтылгандай, аталган өндүрүштүк комплекс өзүнө жеке сапаттарга ээ болгон  шагыл, майдаланган таш ж.б. казуу боюнча карьерди, ошондой эле көрсөтүлгөн чийки заттан жасалган жогорку сапаттагы курулуш материалдар заводун камтыйт.  

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын алкагында  наркы 1 млрд. 953 млн. сомду түзгөн  аталган 17,7 га жер тилкеси мамлекеттин пайдасына алынды.

Бишкек шаардык сотунун чечими өнөр жай комплекси жана ага чектеш аймактар мамлекеттин менчигине кайтарылды.

Мындан тышкары, козголгон кылмыш ишинин алкагында негизги фигурантка эл аралык издөө жарыяланды.

УКМК бардык тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чараларды жүргүзүүдө, ошондой эле мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз менчиктештирүүнүн башка фактыларын аныктоо боюнча тиешелүү иштер улантылып жатканын белгиледи.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты