Кубада электр станциясы иштебей, 10 миллиондой киши электр жарыгысыз калды   

  • 4 дня мурун

 Кубада 18-октябрда электр энергиясы толук өчүп калганын  Diario de Cuba гезити кабарлады.

Энергетика жана тоо өнөр жай министрлиги Кубаны электр жарыгы менен камсыздоочу Матансасадагы Антонио Гитерас электр станциясы иштебей калгандыктан, эл электр жарыгысыз калганын билдирди.

 Reuters агенттиги маалымдагандай, 10 миллионго жакын киши электр жарыгысыз калды. Кубада 20-октябрга чейин бардык билим берүү мекемелери ишин токтотту.

Diario de Cuba маалымдагандай, электр энергиясынын өчүрүлүшү өлкөдөгү энергетикалык кризисти дагы курчутту, соңку эки жумадан бери электр энергиясы күнүнө бир канча сааттан өчүрүлүп жаткан.

Сүрөт: Кубада. rweisswald/Shutterstock/Fotodom

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты