Кореялык жазуучу айым адабият боюнча Нобель сыйлыгын жеңип алды

  • 2 дня мурун

Адабият боюнча 2024-жылдагы Нобель сыйлыгын түштүк кореялык жазуучу айым Хан Кан жеңип алды. Бул тууралуу Нобель сыйлыгынын расмий сайтына жарыяланды.

Анда Нобель сыйлыгы Хан Канга «тарыхый травмалар менен кагылышкан жана адам жашоосунун назиктигин ачып берген терең поэтикалык прозасы үчүн» тапшырылганы айтылган.

Хан Кан Түштүк Кореянын Кванжу шаарында 1970-жылы төрөлүп, 9 жашында ата-энеси менен Сеул шаарына көчүп келген. Анын атасы белгилүү роман жазуучу болгон. Хан Кан жазуучулуктан тышкары искусство жана музыка менен дагы алектенет. Мындан улам анын чыгармаларында музыка жана искусство көп кездешет.

Ал жазуучулук ишин 1995-жылы «Ёсуга болгон сүйүү» аттуу чыгармалар жыйнагы менен баштаган. Буга чейин ыр жазуу менен алектенип да көргөн. Хан Кандын «Сенин муздак колдоруң», «Вегетариан», «Шамал согот, кетет», «Грек тили сабактары», «Адамдын иш-аракеттери», «Ак китеп» жана «Биз ажырашпайбыз» аттуу белгилүү чыгармалары бар.

«Хан Кан өзүнүн чыгармачылыгында тарыхый травмалар жана көзгө көрүнбөгөн эрежелердин топтому менен кездешет. Ал ар бир чыгармасында адам жашоосунун назиктигин ачып көрсөтөт. Ал дене менен жандын, тирүү менен өлүктүн байланышын түшүнө алат жана өзүнүн поэтикалык жана эксперименталдык стили менен азыркы прозада новаторго айланды»,-деп жазылат Нобель сыйлыгынын расмий сайтында.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты