«Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруу маселелери тууралуу жарлык чыкты   

  • 3 недели мурун

Президент Садыр Жапаров “Коопсуз шаар” компонентин ишке ашыруунун маселелери жөнүндө” жарлыкка кол койду.

Бул тууралуу президенттин сайтында маалымат берилди.

Анда айтылгандай, жарлыкта “Ички иштер министрлиги  “Акылдуу шаар” долбоорунун “Коопсуз шаар” компонентинин ишке ашырылышын координациялоо үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп аныкталсын. Санариптик өнүктүрүү министрлиги он күндүк мөөнөттө Ички иштер министрлигинин карамагына “Коопсуз шаар” автоматташтырылган маалыматтык системасын (мындан ары – “Коопсуз шаар” АМС) өткөрүп берсин. Ички иштер министрлиги “Коопсуз шаар” автоматташтырылган маалыматтык системасын  андан ары эксплуатациялоо жана жүргүзүү үчүн аны өзүнүн карамагына кабыл алсын, “Коопсуз шаар” маалыматтык системасынын техникалык оператору катары Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Инфоком” мамлекеттик ишканасын аныктасын, ушул жарлыктан келип чыгуучу зарыл уюштуруучулук, финансылык жана башка чараларды көрсүн” деп айтылат жарлыкта.  

Башкы прокуратура “Акылдуу шаар” долбоорунун “Коопсуз шаар” компонентин ишке ашыруунун алкагында аппараттык-программалык комплексти колдонуу менен түзүлгөн 2023-жылдын 1-февралынан тартып азыркы мезгилге чейинки бузуулардын бардык маалыматтар базасын “Коопсуз шаар” архивдерине өткөрүп берет.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты