ӨКМ: Зындан көлүнүн жырылары мурдатан белгилүү болгон

  • 3 недели мурун

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Ысык-Көлдөгү Зындан көлүнүн толуп баратканы жана көл жырылса чоң сел болушу мүмкүн экендиги тууралуу бийликке мурдатан эскертилгенин билдирди. Бул тууралуу министрликтин Чукул кырдаалдарды болжолдоо жана мониторинг жүргүзүү департаментинин жетекчиси Даурбек Сакыев 24-августта маалымат жыйынында билдирди.

Даурбек Сакыевдин айтымында, 17-августта ӨКМ тарабынан жүргүзүлгөн мониторингдин негизинде Зындан көлүнүн жырылары тууралуу эскертүү беришкен, андан 4 күн өткөндөн кийин, тактап айтканда, 21-августта көл жер алдынан жырылып, сел пайда болгон. Ошондой эле алдын ала эскертүү берилгендиктен коркунучтуу кесепеттердин алдын алуу иштери ийгиликтүү жүргүзүлгөнүн билдирген.

Эске сала кетсек, 21-августта Ысык-Көлдүн тескейиндеги Зындан көлү жырылып, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Б.Мамбетов айыл аймагына тиешелүү Туура-Суу айылында Тоң суусунун деңгээли көтөрүлгөн. Андан улам Туура-Суу айылынын 90 жашоочусу жана Балык завод тилкесинен 70 адам жакынкы Эшперов жана Ак-Сай айылдарына көчүрүлүп, убактылуу жайгаштырылган эле.

Сүрөт: ӨКМнын басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты