ӨКМ: Жумгалда жоголгон ата менен баланы үзгүлтүксүз түрдө издөө токтотулду
- 2 дня мурун
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Жумгал районунда дайынсыз жоголгон ата-баланы издөө натыйжа бербегенинен улам активдүү түрдө издөөнү токтотту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы бүгүн, 13-ноябрда билдирди.
Маалыматта айтылгандай, аталган министрлик жоголгон ата менен баланын жакындары менен жолугушуп, издөөнүн активдүү фазасы аяктаганын, бир жумада эки жолу издөө жүргүзүлүп турарын билдиришкен.
Эске салсак, ата-бала 16-октябрь күнү мал кайтарууга жайлоого кетишкен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат ӨКМнын «112» номерине 19-октябрь күнү кабарланган. 49 жаштагы К.Б . жана 9 жаштагы С.Б. аттуу ата-баланы издөө иши ушул күнгө чейин үзгүлтүксүз уланып келген.
«Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеевдин жеке көзөмөлү менен бир айга жакын издөө иштери уланып, куткаруучулар менен жалпы 30дан 120га чейинки сандагы адамдардын коштоосунда жана дрондордун, дүрбү, рация, авариялык куткаруу унааларынын жардамында изделип келди»,- деп айтылат маалыматта.
Сүрөт: ӨКМ