ӨКМ жайкы дөңгөлөктүү унаалар посттордон өткөрүлбөй турганын эскертти
- 2 дня мурун
Өлкө аймагында 13-ноябрдан тартып аба ырайы кескин өзгөрүп, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат. ӨКМ айдоочуларга жана жол жүрүүчүлөргө жайкы дөңгөлөктүү унаалар посттордон өткөрүлбөй турганын билдирди.
ӨКМ минтип эскертти:
— Унааңыздын жайкы дөңгөлөгүн кышкыга алмаштырыңыз. Жайкы дөңгөлөктүү унаалар “Сосновка”, “Арал” постторунан өткөрүлбөйт!
— ашуу жолдорунда бороон-чапкын башталса, посттордо төрт саат мурда унааларга чектөө киргизилет;
— алыскы жолго чыгууда дары-дармек, тамак-аш, суу, күрөкчө, дөңгөлөк чынжырчасын алыңыз;
— унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты так сактаңыз;
Зарылчылыгы жок болсо, алыска жол жүрүүнү башка күндөргө жылдырыңыз!
Кырсык катталган учурда “112” бирдиктүү номерине байланышыңыз.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан