ӨКМ: Ысык-Көлдөн 13 тоннадан ашык таштанды чыгарылды

  • 6 дней мурун

Быйылкы жылы да Ысык-Көлдү тазалоо жумуштары колго алынып, 2024-жылдын башынан бери 13 550 кг таштанды, 32 700 метр балык уулоочу тор чыгарылды.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Суучулдардын баамында таштандылардын көлөмү быйылкы жылы өткөн мезгилге салыштырмалуу арбын экени байкалууда. Мындай көрүнүш тазалыкка үндөгөн эскертүү жана эрежелердин сакталбай жатышы жана эс алуучулардын көптүгү менен байланыштуу.

Ага карабай, учурда ӨКМдин суучулдары көл жээктерин ар кандай таштандылардан арылтууну улантып, муниципалдык жана жеке менчик эс алуу жайларындагы көлдүн түбүндөгү тор, калдыктарды жоюуда.

Өткөн жылы 2023-жылдын 12-мартында башталган тазалоо иштери көлдүн төрт тарабы боюнча тегерете толук тазаланган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты