ӨКМ: Ысык-Көлдө куткаруучулар күчөтүлгөн тартипте иш алып барууга өттү
- 4 недели мурун
- Видео
Бүгүн, 18-августта, саат 19:30 чамасында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Чолпон-Ата шаарындагы Тогуз-Булак сел өтүүчү каналы аркылуу топтолгон суу агып, каналдан ашып кетүү коркунучу жаралган.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.
ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын башчысы М.Карабаев жетектеген ыкчам топ жана шаардык Жарандык коргонуу кызматынын комиссиясы аталган каналды көзөмөлдөөдө.
Учурда Чолпон-Ата шаарында абал туруктуу.
Облус аймагындагы аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнөн жана ыкчам иш-чараларын жүргүзүү максатында райондук жана шаардык ӨКБнын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууга өттү.
Бүгүн, 18-августта, саат 15:30 чамасында жааган жаандын кесепетинен Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы Чоң-Кызыл-Суу суусунун деңгээли көтөрүлүп, Москва көчөсүндө жайгашкан кашардын короосун суу каптады.
11-августта Ысык-Көл районунда нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен Чолпон-Ата шаарынын Тогуз-Булак тилкесиндеги кокту-колоттордон аккан суу көчөлөрдү каптады жана “Жүдөмүш” каналында сел жүрдү.
Ошондой эле Бостери, Бактуу-Долоноту айылдарындагы бир нече көчөлөрдү жана Булан-Сөгөттү айылын сел суулары каптады. Куткаруучулар тарабынан Бактуу-Долоноту айылынан 1 үй-бүлө коопсуз жайга убактылуу көчүрүлдү.
11-августта саат 18:10 чамасында жааган жаандын кесепетинен, Тоң районундагы Балыкчы—Бөкөнбаев унаа жолунда да сел жүрдү.
12-августта селдин кесепеттерин жоюу максатында Чолпон-Ата шаарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди.
Чолпон-Ата шаарында 12-августта кечки саат 21:20 чамасында нөшөрлүү жаандан улам кокту-колоттордон келген сел суулары сел өтүүчү Тогуз-Булак каналынан ашып, жакын жайгашкан турак үйдүн, дүкөндүн короосуна кирген.
Сүрөт: Видеодон алынды