ӨКМ: Тоолуу райондордо үшүк жүрүшү күтүлөт  

  • 2 недели мурун

7-8-сентябрда Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертти.

7-сентябрда Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондорунда кар, айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Ал эми Ош, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын жаашы ыктымал.

Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясынын батыш тарабында 19-24 метрге чейин жетиши күтүлөт.

Абанын табы:

— Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9°, күндүз 13…18°;

— Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6°, күндүз 13…18°;

— Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөндөрүндө түнкүсүн 8…13°, күндүз 18…23°, тоо этектеринде түнкүсүн -2 сууктан +3° жылуулукка чейин, күндүз 9…14°;

— Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6°, күндүз 8…13°;

— Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 2…7°, күндүз 12…17°;

— Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 0…5°, күндүз 13…18°, тоолуу райондордо түнкүсүн -1…-6°, күндүз 5…10°, бийик тоолордо түнкүсүн -3…-8°, күндүз 3…8° ка чейин төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба-ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

8-сентябрда түнкүсүн жана эртең менен Чүй облусунун тоо этектеринде, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарынын айрым жерлеринде 0…-2° үшүк жүрүшү күтүлөт.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты