ӨКМ: «Тик учак учпай турса, белгилүү мөөнөттөн кийин жараксыз болуп калат»

  • 2 месяца мурун

Социалдык тармакта талкууланган тик учак мыйзамдуу жол менен ижарага берилген. Алдын ала жеке жак менен ушул жылдын 21-июнунда бир саат учууга келишим түзүлүп, акысы төлөнгөн соң 24-июнда 56 мүнөт учушкан. Ал үчүн кассага Сабырбеков Афтандил 157 662 сом төлөгөн.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Маалыматта айтылгандай, учуу убактысы мүнөт, секунддарына чейин тик учакта сакталат.

“Акыркы жылдары Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тик учактардын үч түрү алынган. Мамлекеттин ишине колдонуудан сырткары коммерциялык багытта да иштейт.Мамлекеттик, министрликтин ишмердүүлүгү үчүн тик учактардын чыгымы бюджеттик каражаттардын эсебинен камсыздалат. Ал эми жеке жактарга ижарага берилген учурда ал каражаттардын ар бир тыйыны мамлекетке түшүп, кийинки жаңы тик учактарды сатып алууга же жыл сайын башка мамлекеттен техникалык көзөмөлдөн өткөрүүгө топтолот” деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, тик учактар учпай тура берсе, белгилүү бир мөөнөтү өтүп кеткенден кийин учууга жараксыз болуп калат.

Жеке жактар келишим түзүү менен “Н -125 Airbus” тик учагын саатына 157 662 сом, ал эми “Н — 145 Airbus ” тик учагын саатына 262 770 сом төлөп колдоно алышат.

Тик учакты ижарага алууну каалагандар ӨКМге караштуу Авиациалык издеп-куткаруу мамлекеттик мекемесинин инстаграмм баракчасынан (aviameskg) кеңири маалымат ала алат.

Буга чейин «ПолитКлиника» медиасына Авиациялык кызмат: “Тик учактын ижарасына 157 миң сом төлөнгөн, бирок дүмүрчөктү көрсөтө албайбыз” деп билдирген.

Кийинчерээк ӨКМ дүмүрчөктү жарыя кылды.

ӨКМ: "Тик учак учпай турса, белгилүү мөөнөттөн кийин жараксыз болуп калат"

Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген кезектеги маегинде карындашы Лаззат Нургожоеванын айланасындагы талкуулар, тик учак менен келип, анын колун сураган жигит боюнча жооп берди.

-Өлкө жетекчилигинин жакындары башкаларга үлгү болушу керек. Ысырапкорчулукту токтотолу деп какшап келе жатам. Эң жок дегенде болочок күйөө бала ушул демилгемди колдоп, ойлонсо деле болмок. Президенттин жакыны болгон атса, элдин сынына кабылбайын, президентти да сынга кабылтпайын деши керек эле. Жаштык кылып койду деп ойлойм. Жөнөкөй жол менен эле келип колун сураса, бири-бирин жактырып аткандан кийин баш тартмак эмес да, -деди Садыр Жапаров.

«Ал эми акыл-эси токтоло элек карындашым үчүн элден кечирим сурайм» деди мамлекет башчы.

Сүрөттөр: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты