Өкмөт үйүнүн мурдагы имаратына эми эки министрлик жайгашат

  • 2 недели мурун

Президенттик администрациянын Токтоболот Абдумомунов көчөсүндө жайгашкан мурдагы имараты Тышкы иштер министрлиги менен Экономика жана коммерция министрлигине берилди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевге жана экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиевге иш кабинеттерин тапшырган.

Эске салсак, 30-августта Президенттик администрациянын жаңы имаратынын ачылыш аземи болгон. Ал жакка Президенттин администрациясы менен Министрлер кабинети 10-сентябрга чейин көчүп баруу пландалып жатканы кабарлаган.

Сүрөт: Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты