ӨКМ шашылыш билдирет! Тоолуу райондордо жана Бишкек — Ош унаа жолунда кар көчкү түшүүсү күтүлүүдө
- 7 дней мурун
Жаанга байланыштуу 9-ноябрдан 10-ноябрга чейин Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу) жана 198-231-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.
Маалыматка ылайык, кар көчкү Кыргызстандын тоолуу райондорунда да жүрүүсү күтүлүүдө.
«Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл»,- деп эскертти министрлик.
Кошумчалай кетсек, бүгүн, 8-ноябрда Бишкек-Ош унаа жолунун 127-чакырымында саат 09:07 чамасында кар көчкү жүрүп, жолду жаап калган. Ал саат 10:20да толук тазаланып, жол жеңил автоунаалар үчүн гана эки тараптуу ачылганы айтылган.
Сүрөт: интернет булактары
Муну бөлүшүү